Кең-Кол айыл өкмөтү
Кең-Кол айыл аймагы Талас облусунун түштүк чыгыш жагында жайгашкан. Талас облусунан Кең-Кол айыл аймагына чейинки аралык 7 км. Талас районунун борбору болуп саналат. Административдик мааниде айыл аймак түндүк-батыш жагынан Манас району, түштүк-чыгыш жагынан Чоң-Алыш айыл аймагы жана түштүк жагынан Беш-Таш айыл аймагы менен чектешет. Айыл аймагы деңиз деңгээлинен 1250-1400 метр бийиктикте турат. Айыл аймагынын жалпы аянты 90 776 км2 түзөт.
Климаты: континенталдык, кургак жана июль айында абанын температурасы орточо +30…+35 °С, ал эми январь айында абанын температурасы орточо -15…-25 °С суук болот. Жылдык жаан-чачындардын көлөмү 300-400 мм түзөт. Жай мезгилинде кургак, Кыш мезгилинде суук жана Жаз-күз айларында жагымдуу жаанчыл мезгилдери болуп өтөт.
Кең-Кол айыл аймагынын көзгө урунган жерлери жана жаратылыштырынын бири «Манас Ордо» комплекси, Талас дарыясы, Талас токойу жана Кең-Кол өрөөндөрү болуп саналат. Кең-Кол айыл аймагында келген туристер үчүн спорт жана туристик чакан комплекстери жайгашкан. Кең-Кол айыл аймагы тарыхый-маданияттуулука бай өзгөчө жаратылыштары менен айрымаланат.
